super.kg logo

Өлкөнүн эки аймагында жер титирөө катталды 

 

Өлкөнүн эки аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда 29-октябрда саат 18:47де күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Кара-Киндик айылынан 7 чакырым түштүктө, Сопу-Коргон айылынан 42 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.

Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү: Кара-Киндик айылында 2,5 балл, Сары-Таш, Бор-Дөбө айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Ал эми бүгүн, 30-октябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Ананьево айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышты карай жана Каракол шаарынан 57 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан. Калктуу конуштарда: Чоң-Өрүктү, Кароол-Дөбө, Ананьево, Жаркынбаева айылдарында 3 баллга жакын, Кичи-Өрүктү, Семёновка, Көк-Дөбө айылдарында 2,5 баллга жакын сезилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: