super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев: "Бишкекте Кулиев деген көчө бар, байкуш ошол кишиге "жалко"

 

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Баткен, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды.

Ага ылайык, жалпы 17 айыл аймак жана айылдардын аталышын өзгөртүү сунушталууда. Депутат Жанар Акаев алардын 12си адамдардын ысымы менен аталып жатканына нааразы болуп, келечекте жер-сууларга адам аттарын коюуга мароторий киргизүү керектигин айтты.

"Бишкек шаарында Кулиев деген көчө бар. Байкуш ошол кишиге "жалко" да. Качан көрсөң, "Кулиев көчөсүндө сойкулар кармалды, бычакташты" деген жаңылык. Эми ал Кайсын Кулиев деген акын, прозаик, журналист, аскерий кабарчы болгон. Ошол кишиге чындап аянычтуу. Ушундай боло бербеш керек да эми. Маселен, Айтматов көчөсүндө мындай болду деген өңдүү. Андан көрө көчөлөргө номур берүүгө өтүшүбүз керек", - деди Акаев.

Белгилей кетсек, Акаев буга чейин дагы айыл, шаар, көчөгө адам аттарын берүүдөн алыс болууга чакырып, бул кыргызда өзүнчө бир "оору болгонун" айткан.






Жогорку Кеңеш 30.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: