super.kg logo

Аргентинада 10 кабаттуу мейманкана урап түштү

 

Буэнос-Айресте он кабаттуу “Дубровник” аттуу мейманкана урап, жанында жайгашкан үйдү басып калган. Учурда бир адамдын жансыз денеси табылган. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, мейманканада курулуш иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу, кардарлар болгон эмес. Бирок куруучулар уранды астында калып, алардын так саны айтыла элек.

“Куткаруучулар урап калган мейманканага атайын техника алып келип, урандыларды тазалап жатышат. Азырынча алар бир адамдын жансыз денесин табышкан. Ал мейманкананын жанындагы үч кабаттуу үйдө жашаган 89 жаштагы карыя. Ошондой эле иттердин жардамы менен 80 жаштагы кемпир аман-эсен табылган. Куткаруу иштери уланууда”, - деп белгиленген маалыматта.

Ал арада шаардын прокурору Вероника Замбонинин чечими менен полиция үч адамды кармаган. Алардын бирөө прораб жана эки куруучу. Ошондой эле кулаган имараттын ишин көзөмөлдөгөн эки архитекторго карата тергөө иштери жүрүп жаткандыгы кошумчаланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: