Кочкор районунун акими Камил Чоткараев кызматынан бошотулду
Бүгүн, 30-октябрда Нарын облусунун Кочкор районунун акими Камил Чоткараев кызматынан бошотулду. Бул туурасында президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык кызмат ордунан бошотулду.
Белгилей кетсек, Чоткараев акимдик кызматка ушул жылдын март айында дайындалган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

