Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн эркин күрөш боюнча килемге үч балбан чыгат
Бүгүн, 30-октябрда Албаниянын Тирана шаарында эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу башталды. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.Маалымдалгандай, килемде 61, 70, 79, 92 килограммга чейинки салмак категорияларында беттештер өтөт.
"Кыргызстандын атынан үч спортчу катышат. 61 килограммдык салмактагы балбан Тайырбек Жумашбек уулу монголиялык Цогбадрах Цэвеенсурэн менен беларусиялык Арийский Цютринге чыгат. Алибек Осмонов 70 килограммдык салмакта ирандык Сина М. Халили жана беларусиялык Нюргун Скрябин менен беттешет. Ал эми 79 килограммдык салмактагы балбан Арсалан Будажапов америкалык Адам С. Томпсон менен кармашат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:30да башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















