super.kg logo

"Оор абалда". Тергөө абагындагы Имамидин Ташовдун өзүнө кол салганы айтылууда

 

"KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салган деген жүйө менен ооруканага жеткирилгени кабарланууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда анын жактоочусу Самат Матцаковго таянып "Азаттык" сайты жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, УКМКнын тергөө абагында кармалып турган ишкерди "Тез жардам" унаасы ооруканага алып кеткен.

"Мен бүгүн Ташовго жолугуу үчүн УКМКнын тергөө абагына келгем. Ал жердеги нөөмөтчү киргизбей "күтүп тур" деп койду. Ошол жерден Имамидин Ташов өзүнө кол салып, "Тез жардам" менен ооруканага алып кеткенин угуп калдым. Мен 103 аркылуу "Тез жардам" кызматына чалып, сурасам, мага УКМКнын тергөө абагына 40-45 жаштардагы эркек адам өзүнө кол салганы тууралуу чакыруу болгонун, "Тез жардам" аны шаардагы №4 ооруканага алып кеткенин ырасташты. Бирок ал өзүнө кантип кол салганы тууралуу маалымат беришкен жок. Мен да азыр эле ооруканага келдим", - деген адвокат.

Айрым ЖМКлар анын оор абалда экенин жазышты.

УКМК бул тууралуу маалымат бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: