super.kg logo
  Саясат  

Парламент мамлекеттик мейманкаларда кумаркана ачууну дароо үч окууда колдоду 

 

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып, дароо үч окууда кабыл алынды. Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык мейманканаларда кумаркана ачууга уруксат берилет. Эми ага президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Мыйзамга ылайык, кумарканаларды рестораны бар мейманкаларда гана ачууга болот. Ресторанда кеминде 100 орун, ал эми мейманканада 20 номер болушу шарт. Мектеп, бала бакча, окуу жай, турак үйлөрдө кумаркана ачууга тыюу салынган.

Азыркы иштеп жаткан мыйзам боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык же мамлекеттин үлүшү бар мейманканаларда кумаркана ачууга тыюу салынган. Мындан улам ал норманы алып салуу үчүн өкмөт иштеп чыккан мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Гүлшат Асылбаева тааныштырды.

Асылбаева депутаттардан долбоорго бир эле учурда үч окууда добуш берүүнү суранды. Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Дастан Бекешев мыйзам долбоорун кароодо депутаттардан сунуш түшпөгөнүн, ошондой эле үч окууда добуш берүү боюнча фракциялардын корутундулары бар экенин билдирди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбооруна каттоодон өткөн 79 депутаттын 59у "макул", үчөө "каршы" деп добуш берди.






Жогорку Кеңеш 30.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: