super.kg logo

Улуу Британияда суу астында жүрүүчү атомдук кайыктарды жасап жаткан BAE Systems верфинде өрт чыкты (видео)

 

Өлкөнүн батышындагы Барроу-ин-Фернесс шаарында Улуу Британиянын эң ири коргонуу компаниясы BAE Systems жайгашкан жерде өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

The Independent гезитинин жазганына караганда, ал жерде Devonshire Dock Hall кеме куруучу заводу жана Astute жана Dreadnought атомдук суу астындагы кайыктары жагашкан.

Камбрия округунун полициясы өз сайтында окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:44тө болгонун билдирди. Ядролук коркунуч жок. Ишкананын эки кызматкери түтүнгө ууланып, ооруканага жаткырылды.

"Ишканага баруучу көпүрөлөрдүн бири тосулуп калган. Полиция жакын жайгашкан үйлөрдүн жашоочуларына сыртка чыкпоону жана терезелерди ачпоону сунуштады", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: DDH кеме куруучу заводу Британ деңиз флоту үчүн өзөктүк суу астында жүрүүчү кайыктарды чыгарат жана Европадагы өз түрү боюнча экинчи ири кеме куруу комплекси болуп саналат.

BAE Systems - суу астында жүрүүчү кайыктардан, танктардан, согуштук учактардан, жөө аскерлердин согуштук унааларын жана башка көптөгөн нерселерди чыгарган дүйнөдөгү эң ири курал өндүрүүчүлөрдүн бири.






30.10.2024

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: