super.kg logo
  Саясат  

Кыйноолорду алдын алуу борборунун директорун шайлоонун мыйзамдуулугун текшерүүчү депутаттык комиссия түзүлдү

 

Бүгүн, 30-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында акыйкатчынын кайрылуусунун негизинде Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун директору Бакытбек Касымкуловду шайлоонун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү маселеси каралды.

Жыйында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева шайлоого катышкан координациялык кеңештин 8 мүчөсүнүн үчөөнүн легитимдүүлүгү күмөн жаратып жатканын айтып, депутаттык комиссия түзүүнү суранды. Ошондой эле ал кеңеш 11 мүчөдөн турарын, шайлоого өзү жана парламенттен 2 депутат катышпаганын кошумчалады.

Ал эми Касымкулов кеңештин мүчөлөрүн парламент бекитип бергенин белгилеп, бардыгы мыйзамдуу болгонун айтты.

Талкуудан кийин депутаттар комиссия түзүү чечимине келишти. Акыйкатчынын сунушун каттоодон өткөн 79 эл өкүлүнүн 66сы колдоду. Каршы добуш бергендер болгон жок.

Жыйынтыгында төмөнкү депутаттар комиссиянын курамына киришти: Камила Талиева, Медер Алиев, Кубанычбек Самаков, Бакыт Тентишов, Винера Раимбачаева, Нилуфар Алимжанова, Бактияр Калпаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: