super.kg logo

Эмгек министрлиги "бейтаптарга ырайымсыз мамиле болуп жатат" деген видео боюнча үн катты

 
Жайыл районунда жайгашкан Аялдардын психоневрологиялык социалдык стационарына комиссия жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Эмгек министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун Жайылдагы стационардык мекеме тууралуу маалыматы чыккандан кийин министр Жылдыз Полотова ал жайга комиссия жөнөткөн.
"Эмгек министринин орун басары жетектеген комиссия жагдайды тактоо үчүн ошол жерге жөнөп кетти. Комиссиянын курамына Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кирди" - деп билдирди министрлик.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбор Жайыл районунда жайгашкан социалдык стационардын кызматкерлери бейтаптарга ырайымсыз мамиле кылууда деп маалымат тараткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: