super.kg logo

"Сан тушунда бычактын издери бар". Сокулукта сабалган келиндин абалы айтылды

 

Сокулук райондук ооруканасына жолдошу тарабынан сабалып түшкөн 22 жаштагы келиндин абалы орточо оор. Бул туурасында аталган ооркананын дарыгери SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, келин ооруканага оор абалда түшкөн.

"Сабалып келген келиндин соо жери калган эмес. Анын денесинде көк ала тактар, санында учтуу заттын издери бар. Ошондой эле жасалма тырмактары жулунган.

Алдын ала маалымат боюнча, анын мээси чайкалган деген тыянак коюп жатабыз. Учурда бейтап орточо оор абалда десек болот. Дарыгерлер тарабынан тийштүү жардамдардын баары берилип, дары-дармектер менен камсыздалууда", - деп билдирди дарыгер.

Белгилей кетсек, Сокулук райондук милиция тарабынан 3 саат аялын ур-токмокко алган шектүү кармалган. Ал 1999-жылы туулган К.М. аттуу жаран экендиги айтылган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: