Орусиядагы абактан сүйүшкөн жубайлар качып кетишти
Орусиянын Липецк облусундагы абактардын биринен эки туткун – Михаил менен Кристина үйлөнүшүп, кийинчерээк экөө чогуу качып кетишкен. Бул тууралуу BAZA Телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, Михаил киши тоноо аракети үчүн, ал эми Кристина денеге оор залал келтирүү жана киши өлтүрүү үчүн камалган. Алар Курчатов шаарындагы абакка түшүп, ошол жерден таанышышкан. Жубайлар бири-бирин сүйүп, баш кошууну чечишкен. Андан кийин алар Липецктеги түзөтүү абагына которулган.
СИЗОнун шарттарында жаңы үйлөнгөндөр шаарга азык-түлүк сатып алуу үчүн чыкса болору айтылат. Жубайлар дал ошондой мүмкүнчүлүгүн пайдаланып дүкөнгө чыгып, андан кийин кайтып келишкен эмес.
Кийинчерээк алар Курчатов шаарынан кармалышкан. Алар кайра камакка алынышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.