super.kg logo

Аскат Алагөзов: Зардалыдагы уюлдук байланыш маселеси чечилди (видео)

 
Бүгүн, 30-октябрда Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына уюлдук байланышы орнотулду. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов социалдык баракчасынан билдирип, видео менен бөлүштү.
Анда ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, “Мега” компаниясы аркылуу маселе чечилгендигин айткан.
"Президент администрация кызматкерлерине тийиштүү тапшырмаларды берген. Бүгүн компаниясынын башкы директору Эльнар Субакожоев мамлекет башчысына Зардалыдан байланышка чыгып маалымат берди", - деп калтырган билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, мамлекет башчысы аталган айылга ушул жылдын 29-сентябрында барган. Анда айыл тургундары жол салуу жана электр жарыгын жеткирүү менен катар уюлдук байланыш көйгөйүн чечип берүүнү өтүнүшкөн.





30.10.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: