Тышкы иштер министринин жаңы орун басары болуп Темирбек Эркинов барды
Бүгүн, 30-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары болуп Темирбек Эркинов дайындалды. Бул туурасында президенттик администрациядан билдиришти.
Маалымдалгандай, тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, Эркинов Кыргыз-венгер өнүктүрүү фондун башкарып, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси болуп турган кезде УКМК тарабынан өткөн жылдын май айында кармалган болчу. Кийинчерээк үй камагына чыгарылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

