super.kg logo

“Айдоочулардын талабы...” Бишкектин мэри Батыш автобекети боюнча жеринде түшүндүрмө берди (видео)

 

Батыш автобекети сейсмологиялык жактан кооптуу жана айланасына өз билемдик менен курулуштар курулуп кеткен. Бул туурасында кечээ, 30-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жылдырылган жаңы бекетке барганда журналисттерге билдирген.

Анын айтымында, бекеттин жылышынын бирден бир себеби ушул. Ошондой эле мэр май айынан баштап айдоочулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, алардын суранычы менен жаңы ат майдандын жанына жылдырылгандыгын кошумчалады.

“Май айынан баштап сүйлөшүүлөр болуп, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүрдү. Чыгыш айтобекети жайгашкан Алмата көчөсүнө көчүрүү пландалган. Бирок шаар сыртындагы чоң жолдо тыгын көбөйгөндүгүнө байланыштуу, айдоочулардын суроо-талабы менен ушул жакка көчүрүлүүдө. Жарыктандыруу киргиздик, суу киргизүүнүн үстүндө иштер жүрүп жатат. Кийинки жылдын жай айына чейин убактылуу ушул жактан катташат. Ага чейин жаңы автобекет курулуп бүтсө, анан көчүрөбүз”, - деп билдирген мэр.

Калаа башчысы мындан тышкары эски имаратка адашып барып алган кардарларды жаңы автобекетке чейин автобустар алып келип жаткандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарына каттамдар Бишкектин батыш тарабындагы жаңы "Ак-Кула" ат майданы курула турчу аймакка көчүрүлгөн. Ал жерге чейин №13, 40 автобус жана №258 кичи автобус барат.

Эске салсак, 23-октябрда батыш автобекети, анын ичинде "Ак-Жол" кичи автобекети ишин толугу менен токтоткон.






Мэр Батыш автобекети боюнча айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: