super.kg logo

Нурлан Мотуев милиция тарабынан кармалды

 

Бишкекте расалык, этникалык, улуттар аралык кастыкты козутууга шектүү катары мурдагы саясатчы Нурлан Мотуев кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, 16-октябрь күнү инстаграм социалдык түйүнүнө мониторинг жүргүзүү учурунда колдонуучу nurlan_motuev_official деген аталыш менен катталып, улуттун өкүлдөрүнө карата терс ой-пикирин айтып жасаган видео жарыялаганы аныкталган.

"Анда улуттун өкүлдөрүн басынтып, алардын улутуна ар кандай мүнөздөмө берүү менен коомчулукту интернет желелери аркылуу үгүттөп, улуттар аралык кастыкты козутууга аракет кылган. Аталган факт боюнча тергөө иштеринин алкагында, дайындалган экспертизалардын корутундусуна ылайык, изилдөө үчүн берилген материалдарда адамдын улуулугун, улуттук таандыктыгы боюнча төмөндүгүн пропагандалоонун лингвистикалык белгилери бар болгон.

Изилдөөгө берилген материалдарда улуттар аралык касташуунун лингвистикалык белгилери камтылган", - деп билдиришти Бишкек ШИИБинен.

Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине ( расалык, этникалык, улуттук, диний региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жыйынтыгында Мотуев бул кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: