super.kg logo

“Мамлекеттик тилде жаз”. Ош шаарында жарнамаларды иретке келтирүү боюнча рейд жүрдү

 

Ош шаарында мамлекеттик тилде жазылбаган көрнөк-жарнактар алынууда. Мыйзам талабынын аткарылышы боюнча 30га жакын жеке менчик ишканалар текшерилгендигин мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, тиш дарылоочу, ийне саюучу жайлардын, сулуулук салондордун жана косметологиялардын сырткы көрүнүшү, аталыштары текшерилип, иретсиз жайгаштырылган, эскилиги жетип, шаардын көркүн бузган жарнамалар алынды. Мында рейд шаар боюнча жүргүзүлө тургандыгы маалыматта кошумчаланган.

Белгиленгендей, иш-чара мамлекеттик тил комиссиясы, муниципалдык менчик башкармалыгынын, архитектура башкармалыгынын, Монополияга каршы кызматынын өкүлдөрүнүн, муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жетекчилеринин катышуусунда жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: