super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште Исхак Раззаков атындагы орден негиздөө сунушталды

 

Бүгүн, 31-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Миргүл Темирбаева Кыргыз Республикасынын баатыры Исхак Раззаков атындагы мамлекеттик сыйлык болгон орденди негиздөөнү сунуштады.

Эл өкүлү Раззаков 1945-61-жылдары, Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки саясий татаал кырдаалда, экономикалык жокчулук мезгилинде Кыргыз ССРин башкарып, анын өнүгүшүнө чоң салым кошконун белгиледи.

"Өткөндү сыйлабаса тирүүлөр даңкталбайт" дегендей, учурда мамлекет башчыбыз өлкөнүн өнүгүшү үчүн салым кошуп келе жаткан ар кайсы тармактын өкүлдөрүнө жыл сайын жогорку сыйлыктарды ыйгарып, колдоо көрсөтүп келет. Ал эми бүгүнкү мен сунуштап жаткан орден бул ак ниет кызмат кылган, адал иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге жана өзгөчө өндүрүштө өлкөгө салым кошкон жеке ишкерлерге гана ыйгарылат", - деди ал.

Темирбаева депутаттардан сунуштаган сыйлыкты мамлекеттик сыйлыктардын катарына кошуп берүүнү суранды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: