super.kg logo

Эртең "Ала-Тоо" аянтында Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата парад өтөт  

 

Эртең, 1-ноябрда Бишкекте "Ала-Тоо" борбордук аянтында Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата парад, кечинде майрамдык концерт болот. Бул тууралуу ИММдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чара УТРКнын телеканалында онлайн режимде көрсөтүлөт жана бардык жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылат.

Ошондой эле кечки концерттик программада ички иштер органдарынын кызматкерлеринин "Ыр кесе" музыкалык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланат.

"Урматтуу кыргызстандыктар жана республиканын меймандары, 1-ноябрда борбор калаанын борбордук бөлүгүндө автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет, түшүнүү менен мамиле жасап, жол жүрүүнүн ыңгайлуу жолдорун алдын ала тандап алууну суранабыз", - деп билдирди ИММ.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: