super.kg logo

“Хезболланын” жаңы лидери Израил менен элдешүүгө даяр экенин жарыялады

 

“Хезболланын” жаңы баш катчысы Наим Касем Ливан тобунун Израил менен ок атышууну токтотууга даярдыгын белгилүү бир шарттарга ылайык жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

"Эгер израилдиктер агрессияны токтотууну чечсе, биз ылайыктуу жана алгылыктуу деп эсептеген шарттарга макулбуз", - деди Касем шейшемби күнү бийликке келгенден берки биринчи сөзүндө.

Ошол эле учурда ал "Хезболла" ок атышпоо үчүн жалынбай турганын" баса белгилеп, конкреттүү сунуштардын жоктугун белгиледи.

"Көп жоготууларга дуушар болбош үчүн биздин жерди таштап кеткиле. Эгер силер кала турган болсоңор, анда өмүрүңөрдө болуп көрбөгөндөй жооп бересиңер", - деген Касем "Хезболла" согушту күндөп, жумалап жана айлап уланта аларын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Ливандын "Хезболла" кыймылы Наим Касемди уюмдун жаңы баш катчысы кылып шайлаган. Ал Израил тарабынан атып өлтүрүлгөн Хасана Насраллунун ордуна келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: