super.kg logo
  Саясат  

"Талаага алып барып таштап койду". Депутат жаңы автобекетте эч кандай шарт жок экенин айтты (видео)

 

Бүгүн, 31-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкекте жаңы уюштурулган автобекет боюнча маселе көтөрүлдү.

Анда депутат Дастан Жумабеков Бишкек шаары менен Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын ортосундагы каттамдарды жүргүзүү үчүн жаңы салынган автобекеттин эч кандай шарттары жок экенин айтты.

"Ал жакка шагыл төгүп, айланасына контейнерлерди эле коюп койгон. Бир курулмасы жок. Күнүгө ал жерге аймактардан канчалаган жарандарыбыз келип-кетип жатат. Канчалаган таксисттер турушат. Же ал жакта ажаткана жок, же намазкана, ашкана жок. Кышында ал жак суук дагы болот. Убактылуу болсо дагы бир шарттарды түзүшүбүз керек эле да. Шарттарын түзүп туруп көчүрсө эл деле, таксисттер деле макул болчу. Бирок шарты жок эле бир талаага алып барып, таштап койгон болбойт", - деди Жумабеков.

Эске салсак, Бишкек шаарынын мэриясы Батыш автобекети жабылганын маалымдап, аймактарга чыгыш багытындагы каттамдар Алмата, 1/1 дарегинен, батыш багытындагы каттамдар Фрунзе көчөсү, 209 дарегинен кете турганын билдирген.






Депутат жаңы автобекетте эч кандай шарт жок экенин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: