Бишкекте Горький көчөсүн оңдоо иштери жыйынтыкталууда (видео)




Бишкектин Горький көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо боюнча жумуштар жыйынтыкталууда. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, аба ырайы оңдоо жумуштарына жол берсе, капиталдык оңдоо 4-ноябрда жыйынтыкталат.
Белгилей кетсек, Горький көчөсү Ч.Айтматов проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин реаблитация болду.
Бишкек шаарынын мэриясы 2025-жылы Горький көчөсү менен 7-Апрель көчөсүнүн кесилишине эки деңгээлдеги жол өтмөгүн курууну мерчемдеп жаткандыктан, 7-Апрель көчөсүнө бир аз жетпеген аралык капиталдык оңдоодон өткөн жок.
"Аталган көчөдө жол оңдоо жумуштары, Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өткөн иш-чараларына байланыштуу графиктен кечигип, 29-июлда башталган", - деп айтылат маалыматта.
Горький көчөсү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:35
2025-06-26

16:49
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.