super.kg logo
  Саясат  

Казакстандын парламентинин мажилисинин төрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен келди

 

Бүгүн, 31-октябрда Казакстандын парламентинин мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, сыйлуу конокту "Манас" эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана Казакстан менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов тосуп алды.

Расмий иш сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар өткөрүлүп, анын ичинен төрага Нурланбек Шакиев менен мажилис төрагасы Ерлан Кошанов тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мындан тышкары тараптар парламенттер аралык кызматташтык боюнча кеңештин отурумуна катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: