super.kg logo
  Саясат  

"Эки-экиден мушташ". Жогорку Кеңеште Бишкек менен Оштогу унаа тыгыны көтөрүлдү (видео)

 

Бүгүн, 31-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Бишкек жана Ош шаарларындагы эң көйгөйлүү маселе – тыгын болуп жатканын билдирди.

Ал жолдордун абалын жакшыртып коюу менен эле тыгын маселеси чечилбесин белгилеп, маселени чечүүнүн башка жолдорун дагы караштыруу керектигин айтты.

"Жолдогу тыгындын айынан адамдар стресске дуушар болуп жатат. Жолдо эки-экиден урушуп жатат, бир канчасы ооруканага жетпей, балдар, студенттер окуусунан кеч калып жатат. Муну чечпесек болбойт. Тыгынды чечкен учурлар дүйнөлүк практикада көп да. Биз чече албасак, анда чет өлкөлүк адистерди чакыралы. Шаар тургундарына ыңгайлуу жашоосу үчүн шарт түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Шаардын жолдоруна асфальт басылып жакшырганы менен, тыгын чечилбей жатат. Ошто дагы ушундай жагдай, тыгындан улам аэропорттон кеч калып жатышат", - деди Өмүрзаков.






Жогорку Кеңеште Бишкек менен Оштогу унаа тыгыны көтөрүлдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: