super.kg logo
  Саясат  

 Депутат Ашимова үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды

 

Бүгүн, 31-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Ыйман нуру" фракциясынын лидери Динара Ашимова аялдарга карата зордук-зомбулуктун үрөй учурган фактыларына көңүл бурду.

Эл өкүлү Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө зомбулукка каршы эң алдыңкы мыйзам базасына ээ экенин белгиледи.

"Бирок бул мыйзамдар толук кандуу иштеши үчүн жана зомбулуктун алдын алууну күчөтүү үчүн каржылоону көбөйтүү керек", - деди ал.

Ашимова депутаттарды 2025-жылдын бюджетинин долбоорун кароодо укук коргоо органдарына, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына, Пробация институтуна тиешелүү каражат бөлүп берүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: