Жапаров Орок айылында оюн-зоок паркынын жана стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты




Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаарынын чет жакасындагы Орок айылында бир катар объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, анда аквапаркы бар оюн-зоок паркын куруу долбоору менен таанышты. Парктын жалпы аянты 10 гектарды түзөт. Оюн-зоок паркынын жанында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан көп кабаттуу турак жай комплекси курулуп, жалпы билим берүү мекемеси менен бала бакчанын курулушу да пландалууда.
Мындан тышкары парктын жанына футболдук стадион курулуп жатат. Жапаров спорттук объекттин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.