super.kg logo
  Саясат  

Депутат Алиев Жогорку Кеңешти эки палаталуу кылууну сунуштады

 

Бүгүн, 31-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев парламентти эки палатага бөлүү сунушун айтты.

Анда төрага Нурланбек Шакиев Казакстандын парламентинин мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстанга расмий сапар менен келерин айтып, жыйынды эртерээк бүтүрөлү деди. Айрым депутаттар андай болсо күн тартибинен ар кандай маселелерди алуу керектигин айтышты. Сунуш колдоо таап, ар кандай маселелер күн тартибинен алынмай болду.

Ага Медер Алиев нааразы болуп, соңку учурда ар кандай маселелерди алып салуу адатка айланып баратканын айтты.

"Өткөндө айылдарды кыдырып келдик. Айта турган бир топ маселелер бар болчу. Алдыда дагы 10 күн эл менен жолугушабыз, ошонун алдында көйгөйлөрдү айтып коёлу дегем. Акыркы маалда ар кандай маселелерди алып салуу адатка айланып баратат. Андай болсо конституциялык реформа кылалы да, парламентти эки палаталуу кылалы. Биринчиси, Мыйзам чыгаруу жыйыны, экинчиси, Эл өкүлдөр жыйыны. Ар кандай маселелер экинчи палатада карала берет", - деди Алиев.






Жогорку Кеңеш 31.10.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: