super.kg logo
  Саясат  

Парламенттеги "Элдик" депутаттык тобунун лидери кызматын тапшырды

 

Жогорку Кеңештеги "Мекенчил" депутаттык тобунун лидери Элмурза Сатыбалдиев жетекчилик кызматын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда төрага Нурланбек Шакиев парламент жыйынында айтты.

Шакиев ал ден соолугуна байланыштуу лидерликтен кетүү арызын жазганын айтып, Сатыбалдиевге бекем ден соолук, иштерине ийгилик каалады.

Бир мандаттуу округдардан шайланып келген эл өкүлдөрүнөн куралган "Мекенчил" депутаттык тобунда 20 депутат бар. Төрага Шакиев да ушул топтун курамында.

58 жаштагы Элмурза Сатыбалдиев Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында туулган. 2006-2007-жылдары УКМК төрагасынын орун басары, 2007-2009-жылдары башкы прокурор болгон.

2021-жылы №12 Өзгөн бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: