Депутаттар 6-ноябрга чейин аймактарды кыдырат
Жогорку Кеңештин депутаттары 4-ноябрдан 6-ноябрга чейин шайлоочулар менен иштешет. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда парламент жыйынында маалым болду.
Жыйында "Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө" токтомунун долбоору кабыл алынды.
Ага ылайык, 4-ноябрдан тартып 6-ноябрды кошуп алгандагы мезгил депутаттардын шайлоочулар менен иштөө убактысы деп эсептелет.
Ал эми кыргызстандыктар 7-ноябрдан 10-ноябрга чейин эс алышат. 7-8-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү болуп эсептелсе, 9-10 ноябрь дем алыш күндөрүнө туш келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

