Бишкек мэриясы №23 мектептин жабылышы боюнча түшүндүрмө берди
Бүгүн, 31-октябрда Бишкек мэриясы №23 мектептин окуучулары күзгү эс алуудан кийин башка мектептерде окуй тургандыгын билдирди.
Учурда аталган мектептин айрым блоктору Сейсмологиялык институттун корутундусуна байланыштуу, мектептин маселеси мыйзамдарга ылайык тиешелүү адистер тарабынан изилденип жатат.
"Эгерде аталган мектепти бузуу чечими кабыл алынса, анда ал бузулуп, заманбап талаптарга ылайык жаңы мектеп курулат", - деп айтылат мэрия билдирген маалыматта.
Ага ылайык, окуучулардын үзгүлтүксүз билим алуусун уюштуруу максатында күзгү эс алуу аяктагандан кийин окуучуларды башка мектептерге бөлүштүрүү иштери жүргүзүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.