super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Шакиевге Казакстандын II даражадагы “Достук” ордени ыйгарылды

 

Бүгүн, 31-октябрда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен эки мамлекет ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев II даражадагы “Достук” ордени менен сыйланды.

Сыйлыкты Казакстан парламентинин мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстандагы расмий сапарынын алкагында төрага Шакиевге салтанаттуу түрдө тапшырды. Ал ыйгарылган сыйлык үчүн ыраазычылыгын билдирди.

“Достук” ордени мага берилгени менен, мен жетектеген жалпы Жогорку Кеңеш үчүн чоң сыймык. Биз калыптанган кызматташтыкты арттырып, мындан ары да боордош элдин достугун чыңдоо багытында иш алып бара беребиз”, - деди Шакиев.

Ошондой эле төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиевге казак президентинин Ардак грамотасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: