super.kg logo

Ошто "ымыркайын сатты" деген шек менен жаран кармалды

 

Ошто “ымыркайын 30 миң сомго сатты” деген шек менен жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Өзгөндүн Шерали айылында убактылуу жашап жаткан Өзбекстандын 40 жаштагы жараны жаңы төрөлгөн баласын 30 миң сомго сатып, акчасын алып, ымыркайды өткөрүп берип жаткан жеринен кармалды. Бул акчага ал Орусияга кетмей болуп жатканын айтууда. Үйүндө дагы эки баласы бар бул жарандын мурда соттолбогону, эч жерде иштебей жүргөнү аныкталды.

Ымыркайдын энеси 35 жаштагы Умида Ашурова Өзбекстандын Дардак айылында туулган. 6-декабрда көз жарып, төрөт учурунда кан көп кетип калгандыктан эс-учун жоготуп, эки күндөн кийин ооруканага жатып калган. Бүгүн, 2-январда эртең менен анын каза тапканын шаардык милициядан кабарлашты.

Учурда тартип коргоо органдары бала кандайча атасынын колуна берилип калганын териштирип жатышат. Ага карата "адам сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
02.01.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eh...
02.01.2014. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акмак оз канынан жаралган баланы акчага сатып, бага албайсынбы торотуп эмне кыласын? Аялы да баласын ойлоп эле психалогиясына запкысы тийсе анан кровотечение болот да анан демек аялында акмак эркек сорой олтургон.
03.01.2014. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айбан десе оз баласын саткан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: