super.kg logo
  Саясат  

"Бир дагы "бандитти" калтырбайбыз!". Камчыбек Ташиев кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча айтты

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчиси Камчыбек Ташиев өлкөнүн өнүгүүсүнө уюшкан кылмыштуу топтор тоскоол кылып келгенин белгилеп, мындан ары алар болбой турганын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Ош-Ноокат унаа жолунун жаңыланган бөлүгүнүн ачылышында билдирди.

"Кыргызстан УКТ боюнча эң алдынкы орунга чыгып кеткен. Ошол үчүн биз өнүккөн эмеспиз. Уюшкан кылмыштуу топтор бардык жерди ээлеп алышкан. 10-15 спортчулар чогулуп алышып, бир спорт зал ачып алышып, бизнесмендерди коркутушуп, "биз кыйынбыз" деп көчө чаңгытып чуркап жүрүшкөн. Биз аларды "бандиттер" деп атайбыз. Ошолор кана азыр? Жок! Мындан ары болбойт дагы! Кыргызстанда бир дагы УКТ мүчөсү болбойт! Бир дагы "бандитти" калтырбайбыз! Ким баш ийбей турган болсо, мыйзамдын негизинде катуу жоопко тартабыз...

Америка өкмөтү дүйнө жүзүндөгү эң коркунучтуу 11 УКТнын башчысын атаган. Аларды "братский круг" деп коёт. Ошолордун бирөөсү биздин өлкөдө жашаган. Ал болсо жер-жерлерге өзүнүн тамырын жайды. Бардык бизнесмендерди каттоого алды. Керек болсо акыркы маалда мамлекеттик органдарга да кол сала баштаган. Жетекчилерди коркута баштаган. Ким парламентте депутат болуш керек, ким болбош керек, ким кайсы бийликке барыш керек, кимди кайсы жерге кызматка коюш керектигин ошолор чече баштаган. Мына президентибиздин тапшырмасы, биздин көргөн чаралардын негизинде, укук коргоо, коопсуздук органдары, прокуратуранын биргелешкен аракетинен улам "вор в законе", "положенец", "смотрящийлер" жок..." - деди Ташиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: