super.kg logo

“Айына 80 тонна...” Кыргызстан Өзбекстанга картошка экспорттойт

 

Кыргызстандын картошкалары Өзбекстандын рыногуна чыгат. Бул туурасында бүгүн, 31-октябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, Өзбекстандын эң ири супермаркеттеринин бирине кыргыз картошкасын экспорттоо келишимине кол коюлду.

Кошумчалангандай, “Олма” соода түйүнүнө кыргыз картошкасын экспорттоону "Кыргыз Агрохолдинг" ачык акционердик коому жүзөгө ашырат.

“Макулдашуунун алкагында узак мөөнөттүү негизде жогорку сапаттагы кыргыз картошкасын айына 80 тоннага жакын жеткирүүлөр болот. Бул Өзбекстандын супермаркеттеринин текчелеринде азык-түлүктөрдүн туруктуу болушун камсыз кылат жана Кыргызстанда өндүрүлгөн экологиялык таза азыктарга өсүп жаткан суроо-талапты канааттандырат”, - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: