super.kg logo

Суданда 130дан ашуун аял зордуктоодон сактануу үчүн өз жанын кыйды

 

Суданда 130дан ашуун аял зордуктоодон кутулуу үчүн өз жанын кыйды. Бул тууралуу укук коргоочу Хала Аль-Кариб Нигериянын News Central телеканалына билдирди.

Анын айтымында, бул белгилүү гана учурлар жана аялдар арасында өз жанын кыюу фактылары бир топ жогору.

Укук коргоочулар зордуктоолордун көбү үчүн Судандын Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүн айыпташууда. 2023-жылы алар менен Судандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу башталган.

БУУнун соңку баяндамасында Судандагы сексуалдык зордук-зомбулуктун масштабы "таң калычтуу" деп атаган. Уюмдун тергөө комиссиясынын башчысы Мохамед Чанде Отман "өлкөдө коопсуз жерлер калган жок" деп эсептейт.

Маалым болгондой, күбөлөр аялдарды жана кыздарды кулчулукка алып, мыкаачылык, зордуктоо жана уурдоо фактылары көбөйүп жатканын айтышкан. Алар 8 жаштагы кыздардан тартып 75 жашка чейинки аялдар.

БУУнун маалыматы боюнча, Судандагы жарандык согуш гуманитардык кырсыкка, карапайым калктын кырылышына жана зордуктоо толкунуна алып келди. Миграция боюнча эл аралык уюм 14 миллион адам, башкача айтканда, Судандын калкынын 30 пайызга жакыны күчөгөн согуштардан улам өлкөдөн качууга аргасыз болгонун билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: