super.kg logo
  Саясат  

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга келет

 

5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдыдагы сапардын алкагында Кыргызстан менен Түркиянын мамлекет башчыларынын тар форматтагы сүйлөшүүлөрүн, ошондой эле эки мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылган. Анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат.

Ошондой эле сапардын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын кеңейтүүгө жана мамлекеттер аралык мамилелерин мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Мындан тышкары 6-ноябрда Түркиянын президенти Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: