super.kg logo
  Саясат  

Дагы бир Европа өлкөсүнүн лидери Кыргызстанга келет

 

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан 5-ноябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Алдыдагы сапардын алкагында Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөрдү өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелерин талкуулашат. Сапардын жыйынтыгы боюнча кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Ошондой эле 6-ноябрда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат”, - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Буга чейин Түркиянын президенти Эрдоган 5-ноябрда Кыргызстанга келери айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: