Miss International сынагына Кыргызстандын атынан Айпери Нурбекова катышат
Японияда 12-ноябрда баштала турган Miss International сулуулар сынагына Кыргызстандын атынан Айпери Нурбекова катышат. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына жазды.
Ал Бишкекте өткөн сынактан түшкөн сүрөтүн жарыялап, астына: "Жакында Японияга кетем. Бул сапарды канчалык чыдамсыздык менен күткөнүмдү элестете албайсыздар. Биз уюштуруучуларга бул сүрөттөрдү сынакка катышуу үчүн жөнөттүк”, - деп жазган.
Белгилей кетсек, Айпери Нурбекова үстүбүздөгү жылдын июль айында "Мисс Кыргызстан – 2024" сынагына катышып, "Кыргызстан Жер сулуусу" аталышындагы наамды жеңген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















