super.kg logo

Айтургандын өлүмү: Сотто маркумдун апасы көрсөтмө берди

 

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча соттук отурум башталды.

Анда Маматкулованын апасы Гүлшайыр Сейитова иш боюнча көрсөтмө берип, прокурор, судья жана айыпталуучу тараптын суроолоруна жооп берди. Кийинки соттук отурум 14-ноябрга белгиленди.

Буга чейин 16-октябрда Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнү маалымдалган.

Эске салсак, 10-июлда Октябрь РИИБи иликтөө иштери башталганын маалымдаган болчу. Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишиндеги тергөөнү Башкы прокуратура көзөмөлгө алган. Бишкектин Октябрь РИИБи 31-августта шектүү катары Маматкулованын жолдошу Тилек Наркулов кармалганын билдирген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" боюнча айыпталууда.

Айтургандын өлүмү коомчулукта резонанс жараткан. Белгилүү болгондой, ал 7-июль күнү Бишкектеги №4 клиникалык тез жардам ооруканасында каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айтып чыккан.

Бирок келиндин жакындары буга ишенбей турганын, анын өлүмүнө күйөө баласы себеп болушу мүмкүн экенин айтып SUPER.KG порталына кайрылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: