super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров ИИМдин өздүк курамын Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктады

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Бишкектеги борбордук “Ала-Тоо” аянтында өткөн салтанаттуу иш-чарада Ички иштер министрлигинин өздүк курамын Кыргыз милициясынын 100 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Мамлекет башчысы бүгүн бир кылымдык улуу жолду басып өтүп, ары татаал, ары кооптуу милдеттерди аткарып, канчалаган оор сыноолорго татыктуу туруштук берген кыргыз милициясы туура 100 жылга толгон тарыхый датаны белгилеп жатканын айтты.

"Эң алды сиздерди Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктаймын!

1924-жылы Кара-Кыргыз автономдуу облусу түзүлгөндөн кийин ушул эле жылдын 1-ноябрында Ревкомдун тутумуна облустук милиция башкармалыгы кирген административдик бөлүм түзүлгөн экен. Мына ушул күн Кыргыз милициясы түзүлгөн күн катары тарыхыбызда калды.

Борбор калаабыз Бишкек эле эмес, өлкөнүн булуң-бурчунда жашап жаткан жарандарыбыздын коопсуздугу дал ушул тартип сакчысы атанган милициянын ишмердигинен түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан элибиздин бейпил турмушун камсыздоо үчүн жүктөлгөн милдеттерди күнү-түнү тыным албай иштеп келаткан ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамына жана алардын башында турган жетекчилерге – азыркы ардагер милиционерлерге терең ыраазычылыгымды билдирем! Ушундай баатыр уулдарды тарбиялап өстүргөн алардын ата-энелерине ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Жалпы коопсуздукка жооп берген ички иштер органдары мындан ары дагы жүздөгөн жылдар бою элибизге ак кызматын өтөп, калкыбыздын сыймыгы болуп, бүгүнкүдөй даңктуу салтанаттарды далай жолу өткөрөсүңөр деген аруу тилегимди билдирем. Баарыңыздарга чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Мекенибизде ар дайым тынчтык өкүм сүрүп, мамлекетибиздин өнүгүү жолундагы байсалдуу сапарыңыздар ийгиликтүү улана берсин", - деди президент Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: