super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Каракол шаарындагы тергөө абагынан кабар алды

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы тергөө абагында кармалгандардын абалы менен таанышуу үчүн жерине барды. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Анда камактагылар тергөө абагындагы кармоо шарттарына нааразычылыгын билдиришкен эмес.

Ал эми камактагылардын бири акыйкатчыга жазуу түрүндө кайрылып, Караколдогу СИЗОдон Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар айылындагы республикалык психиатриялык ооруканага которууну тездетүүнү өтүнгөн.

Акыйкатчы жогорудагы жарандын ишин карап чыгууга соттун чечимин талап кылды. Анын ишин карап чыгып, СИЗОнун жетекчилигин күчүнө кирген соттун чечимин аткарууга чакырды.
Анда СИЗОнун жетекчилиги жогоруда айтылган жаранды которуу иши 2-ноябрга белгиленгенин билдирди.

Кармалгандардын көпчүлүгү зордуктоого жана сексуалдык ыдык көрсөтүүгө шектелгендер экендиги белгилүү болгон.

Аталган камакта мындай берене менен жалпы 17 жаран кармалып турат. Ал эми баңгизатын сактоо жана таркатууга шектелип кармалгандардын саны 10.

Мындан тышкары Жаманбаева аялдар жана жашы жете элек өспүрүмдөр менен да баарлашкан.

Кармалып тургандардын дагы бири акыйкатчыга жазуу жүзүндө кайрылып, укук коргоо органдарынын иш-аракеттерине нааразычылыгын билдирди.

Жетекчиликтин айтымында, Караколдогу СИЗОнун имараты 1900-жылдары салынган.

Азыркы учурда жаңы СИЗОну курууга Каракол шаарындагы Кузбас жаңы конушунан 2,3 гектар жер бөлүнгөн. Ошондуктан жаңы имаратты куруу иштеринин башталышын күтүп жатабыз”, -деди СИЗОнун жетекчиси.

Акыйкатчы барган учурда тергөө абагында 69 жаран кармалып турган. Алардын ичиненен төрт аял, эки жашы жете элек өспүрүм.

СИЗО жалпысынан 142 адамга ылайыкташкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: