"Кызымды эмне урасың?!" Маркум Айтургандын сотунда жаңжал чыкты (видео)
Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча соттук отурумда жаңжал чыкты.
Анда маркумдун апасы Гүлшайыр Сейитова сот залынан кетпей ызы-чуу чыгарды. Ал залдагы темир тордун артындагы күйөө баласын колдон кармап, "Менин кызымды эмне урасың?!" деп зекиди.
Конвойлор аны арачалап, сот залынан чыгарды.
"Мен кызымдан айрылып жатам, түшүнүп жатасыңарбы? Менин кызым өлүп калды! Менин кызым өлүп калды го! Кызы-ы-м!", - деп кыйкырып, ыйлады.
Ал эми соттук жараянда маркумдун апасы көрсөтмө берди. Кийинки соттук отурум 14-ноябрга белгиленди.
Октябрь райондук соту 01.11.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:59
2025-05-20
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.