Медведев мектепте орус тилин билбеген балдар билим деңгээлин түшүрүп жаткандыгын айтып чыкты
Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев орус тилин билбеген мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууну токтотууга мезгил келгендигин айтып, алардын кесепетинен жалпы билим деңгээли жабыркап жатканын билдирди. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, анын миграция саясаты боюнча кеңешмесинде сүйлөгөн сөзү социалдык баракчасына жарыяланган.
«Көп талкууланган жагдай бар – бул мектептерге жана башка окуу жайларга балдардын орус тилин билбестен барып калгандыгы. Мындан жалпы билим деңгээли жабыркайт. Муну да баары билет жана токтотууга убакыт келди», - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.