super.kg logo

Бишкекте Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча соттук отурум болду

 

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча соттук отурум болду.

Анда Маматкулованын апасы Гүлшайыр Сейитова көрсөтмө берип, "дары ичип каза болгон" деген экспертизанын корутундусуна макул эместигин, кызынын денесинде зомбулуктун тактары болгонун айтты.

"Кызымдын сөөгүн жууганда көк ала тактар бар болчу. Анын сүрөттөрү дагы бар. Башынын аркасынын оң жак бөлүгү катуу жаракат алган. Ал жери 2 жолу тигилген. Тиши, мурду канаган", - деди Сейитова.

Ошондой эле ал прокурор, судья жана айыпталуучу тараптын суроолоруна жооп берип, козголгон кылмыш иши акыйкат каралыш керектигин белгиледи.

Жыйынтыгында отурумга төрагалык кылуучу кийинки соттук угууну 14-ноябрга белгиледи.

SUPER.KG порталына жабырлануучу тараптын адвокаты Жанат Гүлжигитов кийинки отурумдарда эксперттер, дарыгерлер жана башка күбөлөр сураларын айтты.

Ал эми айыпталуучунун жактоочусу Жыргалбек Бабаев жабырлануучу тарап койгон күнөөлөргө макул эместигин билдирди.

"Жабырланган тарап "уруп өлтүргөн" деп жатат. Андай эмес. Экспертизанын "дарыдан ууланып каза болду" деген корутундусу бар. Мен "ур-токмоктон каза болгон" дегенди азыр угуп жатам. Булар эмоцияга алдырып айтып жатышат. Бирок аны деле биз түшүнөбүз", - деди ал.

Эске салсак, Айтурган 7-июль күнү Бишкектеги №4 клиникалык тез жардам ооруканасында каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айтып чыккан.

Бул боюнча 10-июль күнү Октябрь РИИБи иликтөө иштери башталганын маалымдаган болчу. Райондук ички иштер башкармалыгы кийин, 31-августта шектүү катары Маматкулованын жолдошу Тилек Наркулов кармалганын билдирген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" боюнча айыпталууда.

Бирок келиндин жакындары буга ишенбей турганын, анын өлүмүнө күйөө баласы себеп болушу мүмкүн экенин айтып SUPER.KG порталына кайрылышкан.






Октябрь райондук соту 01.11.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: