super.kg logo

Акыйкатчы күйөөсү тарабынан ур-токмокко кабылган 22 жаштагы келиндин укуктарын коргоого чакырды 

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан 22 жаштагы келиндин укуктарын коргоону камсыз кылууга чакырды. Бул тууралуу акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

“Сокулукта жаш келин ур-токмокко кабылып ооруканага түштү. Мыкаачылык анын жаш балдарынын көз алдында болгон. Мындай зөөкүрлүк, кылмыш жазасыз калбашы керек. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында тез чаралар көрүлүшү зарыл”, - деген ал.

Аталган мекеменин кызматкерлери акыйкатчынын тапшырмасы менен ооруканага барып, жабырлануучудан кабар алышкан.

Эскерте кетсек, зомбулук 28-октябрдан 29-октябрга караган түнү болгон. 22 жаштагы аял 29-октябрь күнү "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Сокулук райондук ооруканасынын директору Эркинбек Осмоналиевдин берген маалыматына караганда, жабырлануучунун абалы орточо оор.

“Жаш келин катуу сабалган, денесинин баары көк ала, гематома алган. Санында учтуу нерсе менен кесилген жаракат бар, андан тышкары мээси чайкалып, чапталган тырмактары жулунган. Баш мээ менен бөйрөктүн ур-токмоктон жабыркашына дагы шек бар, аны томографиянын жыйынтыгы көрсөтөт”, - деген дарыгер.

Ал эми жабыркаган кыздын апасы кызы 16 жашта турмушка чыкканын, жолдошу менен жакында эле чет өлкөдөн кайтып келгенин билдирген.

“Буга чейин күйөөсү кол көтөргөнүн билбейм. Бирок “апаңа зыян тийгизем, жадакалса өлтүрүп да коём” деп коркутуп жүргөн экен", - деп билдирген апасы.

Шектүү К.М. Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун токтому менен 27-декабрга чейин тергөө абагына камалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: