super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Казакстан парламентинин төрагасын кабыл алды

 

Бүгүн, 1-ноябрда президент Садыр Жапаров Казакстандын Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошановду кабыл алды. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, мамлекет башчысы Ерлан Кошанов менен кыргыз жергесинде салам алышып жатып, бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер тереңдеп, практикалык мааниге ээ болуп жатканын, ал эми мамлекеттер аралык саясий диалог бардык деңгээлде активдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ошондой эле расмий сапар эки мамлекет ортосундагы парламенттер аралык диалогду алга жылдырууга олуттуу түрткү берет деген ишенимин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге жылуу саламын жолдоп, Кыргызстан мындан ары да достук, бир туугандык, союздаштык жана өз ара сый-урматтын духунда кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүгө даяр экендигин ишендирип өттү.

Ерлан Кошанов ар кандай багыттар боюнча кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирип, Парламенттер аралык кеңештин кезектеги отурумунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары ал Кыргызстандын жарандарынын байгерчилигин жогорулатууга багытталган Президент Садыр Жапаров тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформаларды Казакстан толугу менен колдой турганын айтты. Казак эли боордош кыргыз элинин өзгөрүүлөрүн жана жетишкендиктерин, өзгөчө өлкөнүн экономикасынын өсүшүн жана олуттуу социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү кубануу менен белгилейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: