super.kg logo

"Апалар ыйлабасын". Маркум Айтурган Маматкулованын апасы соттон кийин элге кайрылуу жасады

 

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча сот отурум болду.

Отурум аяктагандан кийин маркумдун апасы Гүлшайыр Сейитова элге кайрылуу кылды.

"Менин көз жашым көл болуп агып жатат. Алар болсо жыргап жүрүшөт. Элге кайрылат элем, мендей болуп эч ким ыйлабасын, менин кызымдай эч ким жабыркабасын, ушундай зомбулуктар азайсын. Соттор, өкүлчүлүктөр мындай иштерди алдын алып, жазасын алгыдай кылышса, мендей болуп энелер ыйлабайт эле, менин кызымдай болуп эч ким муздак жердин астына жатпайт эле", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүнкү соттук отурумда Сейитова көрсөтмө берип, прокурор, судья жана айыпталуучу тараптын суроолоруна жооп берди. Жыйынтыгында отурумга төрагалык кылуучу кийинки соттук угууну 14-ноябрга белгиледи.

Айтурган 7-июль күнү Бишкектеги №4 клиникалык тез жардам ооруканасында каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айтып чыккан.

Бул боюнча 10-июль күнү Октябрь РИИБи иликтөө иштери башталганын маалымдаган болчу. Райондук ички иштер башкармалыгы кийин, 31-августта шектүү катары Маматкулованын жолдошу Тилек Наркулов кармалганын билдирген. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" боюнча айыпталууда.

Бирок келиндин жакындары буга ишенбей турганын, анын өлүмүнө күйөө баласы себеп болушу мүмкүн экенин айтып SUPER.KG порталына кайрылышкан.






Октябрь райондук соту 01.11.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: