super.kg logo

Ким Чен Ын орус армиясын колдоо боюнча буйрук берди

 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Украинадагы жаңжал башталгандан бери орус армиясына колдоо боюнча сөздөрдү айтып, буйруктарды берип келген. Бул тууралуу Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри Цой Сон Хи орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушуу учурунда айтты.

"Украинадагы кырдаал башталгандан кийин эле урматтуу башчыбыз Ким Чен Ын "биз эч кимди карабай, ырааттуу жана күчтүү түрдө орус армиясын жана орус элин согушта колдоп, жардам берели" деп айткан", - деген Түндүк Кореянын министри.

Ошондой эле ал Ким Чен Ын кол алдындагыларга орус армиясына күчтүү колдоо көрсөтүү боюнча буйрук бергенин билдирген.

Эске салсак, ушул жылдын июнь айынын ортосунда Владимир Путиндин Пхеньянга болгон иш сапарынын алкагында Орусия менен Түндүк Кореянын ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюлган. Путин кийинчерээк келишимде өз ара аскерий жардам көрсөтүү беренеси да бар экенин ырастаган. Орус лидери бул кызматташтык кандайча ишке ашарын Москва менен Пхеньян гана аныктай турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: