Орусия Донецктеги дагы үч айылды көзөмөлгө алганын жарыялады
Орус аскерлери Донецктеги Леонидовка, Новоукраинка жана Шахтёрское айылдарын көзөмөлгө алышты. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигине таянуу менен РБК басылмасы жазды.
Леонидовка административдик бөлүнүшү боюнча Горловка шаардык округуна кирет. Кагылыш болгонго чейин айылдын калкы 100дөй киши болгон.
Новоукраинка жана Шахтёрское айылдары Донбасстын түштүк бөлүгүндөгү Курахово шаарынан 20 чакырым түштүктө жайгашкан.
Жалпысынан бул аптада орус бөлүктөрү он калктуу пунктту ээледи. Алардын арасында Донбасстын түштүк бөлүгүндө жайгашкан Селидово жана Горняк деген эки шаар бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.