super.kg logo

Эртең "Ала-Тоо" аянтында эстрада ырчыларынын катышуусунда концерт өтөт

 
Эртең, 2-ноябрда Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган концерт өтөт. Бул туурасында бүгүн, 1-ноябрда Маданият министрлиги билдирди.
Анда маалымдалгандай, концерттик программа саат 18:00дө башталып, ага кыргыз эстрада жылдыздары катышат.
Белгилей кетсек, 1926-жылы 2-ноябрда Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу Молдогазы Токобаевдин "Кайгылуу Какей" аттуу драмасы коюлган. Бул датаны эске алуу менен 1995-жылы 28-июлда Кыргыз өкмөтү маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө тууралуу №318 токтомун чыгарган.
Кыргыз ССРинин Маданият министрлиги алгач 1953-жылы 15-мартта негизделген. Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин 1991-жылдын январь айынан тарта Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги болуп өзгөргөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: